ЖК төрагасы Чыныбай Турсунбеков Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу иш сапарынын жүрүшүндө Каракол шаарынын ички жолдорунун абалы менен таанышты.
Шаар ичиндеги акыбалы начар жолдорду тез арада оӊдоо керектигине токтолгон ЖКнын төрагасы Чыныбай Турсунбеков Каракол шаарында туризмдин келечеги чоӊ экенин айтты.
«Андыктан, аталган шаар эс алуучулардын меккесине айлансын десек, алгач жолдорун оӊдошубуз керек», — деди.
Ошондой эле Чыныбай Турсунбеков ички жолдорду оӊдоого шаар бийлигинин кудурети жетпесин белгилеп, Транспорт жана жолдор министрлигине бул жолдорду өз карамагына алуу сунушун берди. Транспорт жолдор министрлигинин өкүлү аталган жолдорду министрликтин карамагына алууга болоорун, бирок каржы жаатында көйгөйлөр бар экендигин айтты. Жумушчу иш сапардагы эл өкүлдөрү облус борборунун ички жолдорун оӊдоого зарыл болгон каражатты караштырууга убадасын беришти.
Эске салсак, Каракол шаарындагы борбордук көчөлөр 30 жылдан бери жаӊыланбай, жергиликтүү эл үчүн эле эмес, шаар меймандары үчүн да аябагандай ыӊгайсыздыкты жаратып келет. Ал эми шаар мэриясы өз күчү менен 25 чакырымдык ички жолдорду оӊдоо аракетин көргөнү менен жолдорду толугу менен оӊдоого чамасы жетпейт. Тагыраак айтканда, Караколдогу борбордук жолдорду оӊдоо үчүн жалпысынан 281 млн. сом керектелери эсептелип чыккан.
Белгилей кетсек, Турсунбеков баштаган Жогорку Кеӊештин депутаттарынын Ысык-Көл облусундагы жумушчу иш сапарын КР Өкмөтүнүн, тармактык министрликтер менен ведомстволордун жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү коштоп жүрөт.