Кыргызстандагы туруктуу калкынын саны 2016-жылдын 1-ноябрына карата баалоо боюнча 6 млн 120 миң адамды түзүп, 2016-жылдын 10 айынын ичинде 101 миң адамга, же 1,7 пайызга көбөйдү.
2012-жылдан тартып калктын эмиграциясынын олуттуу кыскаргандыгына байланыштуу өлкөдөгү калктын санынын мындай бийик өсүшү сакталууда.
Калктын өсүшүнүн көрсөткүчү Баткен жана Ош облустарында, ошондой эле Бишкек, Ош шаарларында республикалык көрсөткүчтөн бир аз (1,9 пайызга) жогору.