Сенаттын жыйырмадан ашык мүчөсү АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трампты Москвага каршы киргизилген санкцияларды жеңилдетпөөгө чакырышты.

Кайрылууга 27 демократ жана республикачы кол койгон. Чектөөлөр Орусиянын Крымды аннексиялап алышына жана Украинадагы аракеттерине байланыштуу киргизилген болчу.

Конгрессмендер Тампты Киевге аскердик куралдарды жеткирүүгө уруксат берүүгө да үндөштү. Кетип жаткан президент Барак Обаманын администрациясы мындай идеяны колдоодон баш тартып келген.

«Орусиянын агрессиясы уланып жатканда жана ал тараптан Украинанын аймактык бүтүндүгү менен анын өз тагдырын жекече чечүү укугу сыйланбай жаткан учурда биз АКШны кайрадан Украинага экономикалык, саясий жана аскердик көмөгүн күчөтүүгө чакырабыз», — деп айтылат кайрылууда. Кат жөнөтүлөрдөн бир канча саат мурда конгресс коргоо маселесине арналган масштабдуу мыйзам долбоорун жактырган. Ал документ Киевге миллион долларлык аскердик жардам берүүгө байланыштуу болгон.

20-январда кызматка кирише турган Трамп Москва менен болгон мамиледе жумшагыраак позицияны кармануу ниетин билдирип, НАТОнун зарылдыгынан күмөн санаарын айткан. Украинадагы массалык нааразылыктардан улам президент Виктор Янукович өлкөдөн качып кеткенден кийин Орусия 2014-жылдын мартында Крымды аннексиялап алган. Кийинчерээк Кремль Украинанын чыгышындагы жикчилдерди колдоп чыккан. Батыш менен Киев Москва аймакка оор курал-жарак менен аскер кызматкерлерин да жеткиргенин билдирип келишет. БУУнун маалыматы боюнча жаңжал башталган 2014-жылдын апрелинен бери анда 9 700 кишинин өмүрү кыйылган.