Президент Алмазбек Атамбаев коррупцияга каршы күрөштүн эл аралык күнүнө байланыштуу кайрылуу жасады.

 

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстан коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүн белгилеп жатат. Мамлекеттик башкаруу системасындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча соңку жылдары мамлекет тарабынан мурда болуп көрбөгөндөй кадамдар жасалды.

«Коррупцияга каршы күрөшүүнүн туруктуу процессин ишке киргизүү жолу менен биз коррупциялык жагдайды негиздүү түрдө  өзгөртүүгө жетише алдык. Биз 2012-2013-жылдары иретти менен бир катар өзөктүү чечимдерди кабыл алдык, алар коррупцияга каршы күрөшүүнүн бекем пайдубалы жана натыйжалуу механизми болуп калды. Биз коррупциянын келип чыгуу себептерине көңүл топтогон учурда, бул процесстер бекем саясий эрк жана системалуу мамиле менен камсыз болду. Коррупциянын келип чыгуусунун бир топ негизги себептери аныкталды жана аларды жоюу боюнча чаралар сунушталды, алар азыркы учурда өздөрүнүн оң натыйжаларын көрсөтүүдө. Мамлекеттик органдардын мүмкүн болушунча ачык-айкын болушун жана өлкөбүздүн калкынын алдында отчеттуулугун камсыз кылуу үчүн биз бардык күч-аракеттерибизди жумшайбыз. Бул багыттагы иш жөн гана улантылбастан, мындан ары да күчөтүлөт», — деп айтылат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү