Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков курулуш тармагын башкаруу тутумун оптимизациялоо тууралуу өкмөттүн токтомуна кол койду.

Документке ылайык, билим берүү жана илим министрлигине караштуу инвестициялар, оңдоо иштери жана материалдык камсыздоо боюнча департаменти, архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине караштуу турак-жай – жарандык курулуш департаментине кошулуу жолу аркылуу кайрадан уюштурулат.

Кайра уюштуруу процедурасы жыйынтыкталган соң, архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине караштуу турак-жай – жарандык курулуш департаментинин 8 штаттык бирдиги тийиштүү тартипте билим берүү жана илим министрлигинин борбордук аппаратына өткөрүлөт.

 

Турак-жай – жарандык курулуш департаментинин түзүмү жана штаттык саны 41 бирдикке кыскартуу жолу аркылуу оптимизацияланат.

 

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Курулуп жаткан ишканалардын бирдиктүү дирекциясы жоюлат.

 

Буга катар Билим берүү жана илим министрлигине, Саламаттык сактоо министрлигине, Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыгуучу ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун киргизүүсү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган юридикалык жакты кайра уюштуруу менен байланышкан иш-чараларды жүргүзүүсү, ушул токтомдон келип чыгуучу башка зарыл болгон чараларды көрүүсү тапшырылды.