Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында бүгүн макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңештин кезектеги жыйыны өттү.
Жыйында эл аралык байланышты жакшыртуу, жергиликтүү деңгээлде оптико-волокондук каналдарды жогорулатуу жолу аркылуу Кыргызстанда жеткиликтүү баадагы жана ишенимдүү интернет-тейлөөнү киргизүүгө багытталган «Диджитал КАСА. Кыргызстан» (Digital CASA. Kyrgyzstan) аймактык өз-ара аракеттешүү долбоору талкууланды.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, өлкө экономикасын өнүктүрүү үчүн бул тармакка инвестиция тартуу менен маалыматтык-телекоммуникациялык инфраструктураны жана технологияларды модернизациялоо аркылуу электрондук экономиканы өнүктүрүү маанилүү фактор катары каралат. Сооронбай Жээнбековдун айтымында, мамлекет тараптан инвестициялоодо негизги милдет катары салынган каражаттын кайтарымдуулугу эсептелет жана маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине бул маселеге өзгөчө басым жасоону тапшырды.