Экотехинспекциянын инспекторлору жүргүзгөн ыкчам иш чаранын негизинде Нарын районундагы Эмгек-Талаа айылынын тургуну Курманкожоев Жаныш ИЖ-12560 маркасындагы мылтык менен кармалган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө кызыл китепке кирген 2кыргоол табылгып, ошондой эле анчылык кылууга уруксаат кагазы жана мылтыктын тийиштүү документтери жок болгон.

Учурда административдик айып салынып, өндүрүлдү. Ал эми мыйзам бузуу боюнча инспекторлор ишти тийиштүү органдарга өткөрүп беришти.