Орусия Сирия армиясы Алеппонун чыгышындагы согуштук аракеттерин убактылуу токтотконун билдирди.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров ЕККУга мүчө өлкөлөрдүн ТИМ башчыларынын Гамбургдагы жыйынында Алепподон сегиз миңге жакын жай тургун чыгарылып жатканын айтып, аны өлкөдө кагылышуулар башталгандан берки эң ири гуманитардык операция деп атады.

Лавров ошондой эле АКШ мамкатчысы Жон Керри менен болгон акыркы эки жолугушуусунда 10-декабрда Женевада «Чыгыш Алепподогу көйгөйлөрдү» жөнгө салуу үчүн аскердик эксперттер менен дипломаттардын жыйынын өткөрүү тууралуу макулдашууга келишкенин билдирди.

Алеппонун чыгышындагы көтөрүлүшчүлөр акыркы 26 күндөгү согушта 800дөн ашык киши курман болуп, дагы үч миңге жакыны жарадар болгонун билдиришти.