ЖКнын төрагасы Чыныбай Турсунбеков бул тууралуу Каракол шаарында Ысык-Көл облусунун активи жана тургундары менен  болгон жолугушуу учурунда билдирди.

Жергиликтүү тургундар облустун борбору болгон Каракол шаарынын өтө начар абалдагы ички жолдору боюнча маселе көтөрүштү. Ошону менен катар, облус тургундары жаш үй-бүлөлөр өзүнчө үй-жай күтүүсү үчүн жер тилкелери трансформацияланбай, курган үйлөрүнө тиешелүү документ ала албай жаткандыгын айтышты.  “Мындай жагдайдан улам насыя алуу сындуу бир катар көйгөйлөр биринин артынан бири жаралып жатат” деген жергиликтүү эл бул боюнча бийлик бутактарына бир нече жолу кайрылышканын айтып, маселени тездетип чечип берүүнү талап кылышты.

Эл өкүлдөрү шайлоочулар тарабынан айтылган көйгөйлөрдү жазып алып, аларды аткаруу бийлиги менен чогуу чечүү аракеттерин көрө тургандыгын белгилешти.

Ошондой эле жакында өтчү референдумга жана Конституцияга киргизилүүчү түзөтүүлөргө байланышкан суроолорго жооп берди.

«Конституциялык түзөтүүлөр туруктуу жана күчтүү өкмөттүн келишин шарттайт», — деди.