Сейрек учурда катталган техниканын үзгүлтүккө учуроосу жалпы добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир этпейт. Аталган маселеде адам фактору дагы мааниге ээ.

Бул тууралуу мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында билдирди.

Тайырбек Сарпашев  республика боюнча кээ бир партиялардын өкүлдөрү тарабынан шайлоочулардын добушун  сатып алуу  аракеттери бир нече ирет катталгандыгын дагы  кошумчалады.

Анын сөзүнө караганда, азыркы учурда укук коргоо органдары тарабынан аталган фактылар боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлүүдө.

«Жалпы өлкө боюнча шайлоо процесси штаттык режимде өтүүдө, атайын техникалардын үзгүлтүккө учурашы боюнча фактылар жеринде ыкчам чечилүүдө», – деп белгиледи  Тайырбек Сарпашев.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү