Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигинин парламенттер аралык ассамблеясынын байкоочулар миссиясынын мүчөлөрү бүгү Жогорку Кеӊеште маалымат жыйын өткөрүп, 11-декабрдагы жергиликтүү кеӊештердин депутаттарын шайлоолор менен Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум жогорку деӊгээлде өткөнүн билдирди.
КМШ ПААнын байкоочулар миссиясынын координатору, Армениянын Улуттук жыйынынын (парламентинин) төрагасынын орун басары Эдуард Шармазанв, Азербейжандын Милли Мажилисинин Саламаттык сактоо комитетинин төрагасынын орун басары Муса Гулиев, Тажикстандын Оли Мажилисинин Номаяндоган МажилисининЭнергетика, өнөр жай, курулуш жана коммуникациялар комитетинин мүчөсү Абдуназар Хисрав, КМШ ПАА Кеӊешинин башкы катчысынын орун басары Айк Чилингардян Кыргызстанда болгон төрт күндүн ичинде Жогорку Кеӊештин жана Өкмөттүн, Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчилиги, референдум боюнча «Макул» жана «Каршы» топтору менен бир катар жолугушууларды өткөрүшкөнүн белгилешти.
Ошондой эл, КМШ ПААнын байкоочулар миссиясынын мүчөлөрү Бишкек шаарында, Чүй облусунда өткөн шайлоолор менен референдумдун жүрүшүнө байкоо жүргүзүшкөнү белгилүү болду.
«Электрондук добуш берүү усулу адам факторунун шайлоо жүрүмүнө аралашуусун кыйла чектейт. Шайлоо улуттук мыйзамдарга жана эл аралык стандарттарга ылайык өттү деп тартынбай эле айта алабыз», — дейт ал.
Маалымат жыйындын катышуучулары электрондук добуш берүү менен шайлоочулардын добуш сатып алуусу боюнча жоопкерчилик чараларын катаалдаштырууга багытталган мыйзам долбоору башка өлкөлөрдүн да көӊүл буруусуна арзый турганын белгилешти.