Кийинки жумада Эмомали Рахмон мамлекеттик иш сапары менен Индияга барат. Индия ММКлары өлкө ТИМине шилтеме кылуу менен Тажикстан башчысынын сапары 14-декабрдан 18-декабрга чейин созуларын билдиришүүдө.

Тажикстандын Индиядагы элчиси Мирзошариф Жалолов президенттин сапары «мамлекеттик» макамга ээ экенин белгиледи. Анын айтымында, Тажикстан менен Индиянын ортосундагы алакалар активдүү жана ийгиликтүү өнүгүүдө. «Биздин мамлекет башчынын алдыдагы сапары ал байланыштарга жаңы түрткү берет деген үмүттөбүз», — деди тажик дипломаты.

Күн мурун Индия ТИМи президент Эмомали Рахмондун мамлекеттик сапары маалында саясий, экономикалык жана аскердик-техникалык кызматташтык, ошондой эле терроризмге каршы күрөшүү жана саламаттыкты сактоо тармактары боюнча бирге аракеттерди көрүү маселелери талкууланып, илим, технологиялар жана туризм тармактарындагы долбоорлор караларын билдирген.

Тажикстан башчысынын сапары 14-декабрда Индиянын Керала провинциясында башталат. Нью-Делиге Эмомали Рахмон 16-декабрда барып, эртеси өлкө президенти Пранаб Мукержи жана премьер-министр Нарендро Моди менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Акыркы жолу Эмомали Рахмон расмий сапары менен Индияга төрт жыл мурда барган.

Бөлүшүү