12-декабрда жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда, унаа жолдордо кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Жогорудагынын негизинде айдоочулардын жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун сактоо максатында унаа жолдордо жүргөн унаалардын ортосундагы аралык 500 метрге чектелиши зарыл.






























