Президент Алмазбек Атамбаев Принц Карим Ага Хан төртүнчүнү туулган күнү менен куттуктады.

«Сиздин 80 жылдык юбилейиӊизге байланыштуу чын дилимден чыккан куттуктоомду кабыл алыӊыз! Сиздин жакындагы Кыргыз Республикасына визитиӊиздин маалында биздин Бишкектеги кездешүүбүздү жылуу сезим менен эстейм.  Сиз социалдык-экономикалык проблемаларды чечүү, калктын эң аярлуу катмарларынын турмуш шарттарын жакшыртуу үчүн оорчулуктарды жеӊүү жолунда асыл аракеттерге өмүрү менен ишин арнаган көрүнүктүү инсандар катарында турасыз», — деп айтылат куттуктоодо.

 

Ошондой эле мамлекет башчы ага чын ден соолук каалады.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү