Экотехинспекция тарабынан Самаркандек айылдык округуна караштуу “Сары таш”, “Үнкүр”, “Кызыл кошуун” участкаларына өз алдынча уруксат кагаздары жок көмүр казуучуларга карата шахтыларда кырсыкты алдын алуу боюнча рейд жүргүзүлдү.
Текшерүү учурунда Самаркандек айылынын тургундары мыйзамсыз шахта ачып, иштетип жаткан фактылар аныкталды.
Баткен районунун акимине тийиштүү чараларды көрүү жөнүндө кат жолдонду.