Чек ара кызматы билдиргендей, кыргыз-казак чек арасындагы «Кең-Булуң унаа жолу» көзөмөл-өткөрүү жайы убактылуу жабылды.

Бул Казакстан тарабынан демилгеленди. Себеби бүгүн Казакстандын «Аухатты» көзөмөл-өткөрүү жайындагы көмөк чордондордо регламенттик иштер жүрөт.

«Кең-Булуң унаа жолу» көзөмөл-өткөрүү жайы саат 11:30дан 13:30га чейин убактылуу жабылат.

Эртең босо «Кордай» көзөмөл-өткөрүү жайында да көмөк чордондордо регламенттик иштер жүргөндүктөн саат 11:30дан 13:30га чейин «Ак-Жол унаа жолу» өткөрүү жайы убактылуу жабык болот.