Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков тийиштүү токтомго кол койду.

Токтомго ылайык, беш күндүк жумуш графиги менен иштеп, эки күн эс алган мекемелердин, уюмдардын жана башкармалыктардын кызматкерлери үчүн 3-январь иш күнү 9-январь дем алуу күнүнө жылдырылат.

Натыйжада, кыргызстандыктар 2016-жылдын 31-декабрында, 2017-жылдын 1,2,3-январында эс алат, ал эми 9-январь жумуш күнү эсептелет.