Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн жөнгө салуучу реформа боюнча кеңештин кезектеги жыйынын өткөрдү.

Премьер-министр белгилегендей, өкмөт 33 мамлекеттик орган жана бизнес-коомчулук тартылган масштабдуу регулятивдик реформаны ишке ашырууга активдүү киришти.

«Реформанын негизги максаты – инвестицияларды тартуу жана ишкердикти өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүчү мыйзамдык базаны өркүндөтүү, Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында жана Президенттин “Саясий жана системалуу коррупцияны четтетүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгында каралган бир катар милдеттерди чечүү. Өкмөт ишкердик чөйрөдөгү мыйзамдарды ревизиялоону жүргүзүп, негизсиз, мыйзамсыз жана кайталануучу ченемдик актыларды четтетүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууга тийиш», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Өкмөт башчы эскерткендей, реформанын башталышында мыйзамдарга инвентаризация жүргүзүлгөн. Мындан улам ишкердикти жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын жалпы тизмеси бекитилген. Мындан тышкары, атайын критерийлердин негизинде аларга анализ жүргүзүү жана аларды оптималдаштыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгууга керектүү административдик жол-жоболордун тизмеси түзүлгөн.

«Бул процессте бизнес үчүн “ашыкча” жана “чыгымдуу” жол-жоболорду кыскартуу, коррупциялык тобокелдиктерди жокко чыгаруу, так эрежелерди иштеп чыгуу каралган. Бул ишке бизнес структуралардын өкүлдөрү да тартылган. Алар мамлекеттик органдар сыяктуу эле өз талдоосун жүргүзүшөт жана сунуштарын беришет. Бизнестин пикири биз үчүн өтө маанилүү. Биздин ишкерлер иш жүзүндө бардык кыйынчылыктарга туш келишет», — деп белгиледи премьер-министр.

Өкмөт башчы белгилегендей, Кеңештин мурдагы сунуштары аткарылбай калган учурлар бар жана Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Олег Панкратовго аталган маселенин куратору катары аны иликтеп, жоопкерчилик жагын кароо боюнча сунуш киргизүүнү тапшырды.