Аламүдүн базарында өрт коопсуздук талаптары одоно бузулган, базар жетекчилиги тарабынан өрттү  алдын-алуу чаралары көрүлгөн эмес, шаймандары толук эмес, соода тилкелеринин баш аламан, жыш жайгашкандыгынан, өрт өчүрүүчү унаалардын кирүүсүнө тоскоолдук жаралган.

Экотехиснпекциянын адистеринин айтымында, өрт кырсыгы катталып кетсе жарандар жабыркап, соодагерлер  олуттуу материалдык чыгымга учурашы мүмкүн экенин айтышат. Аныкталган кемчиликтер боюнча  жеринде акты, протоколдор толтурулуп,  экотехинспекциянын буга чейин берген эскертүүлөрү аткарылбагандыктан, Аламүдүн базарынын башкармалыгына 50 000 сом айып салынды.

Бөлүшүү