Ички дүң продукт быйыл январь-ноябрында алдын-ала баалоо боюнча  402 млрд сомдон көбүн түздү, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилинин денгээлинен 3,2 %га жогору, «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда тиешелүүлүгүнө жараша 363,7 млрд сомду түзүп, 3,3 % болду.

ИДПнын өсүшү  негизинен айыл чарба, өнөр жай, курулуш тармактары  жана  кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсү  тарабынан камсыз кылынды. Муну менен бирге  товардык өндүрүш тармактары  103,7 пайызды, ал эми  кызмат көрсөтүүчү тармактар  — 102,8 %ды түздү.

Өткөн жылдын январь-ноябрына карата ИДПнын дефлятору (экономиканын бардык тармактарынын бааларынын жалпыланган индекси) 102,6 пайызды түздү.