Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө болгону үчүн жылына 69 700 доллар өлчөмүндө мүчөлүк акы төлөйт.

Бул тууралуу парламентте Индия менен Пакистандын ШКУ курамына кирүүдөгү милдеттенмелери тууралуу меморандумду ратификациялоо боюнча мыйзам долбоору каралып жатканда тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев билдирди.

Министрдин айтымында, ШКУга мүчө-мамлекеттер буга чейин жалпы мүчөлүк акынын 10 пайызын төлөп келген, жакында кабыл алынган чечимге ылайык, бирок мындан ары жаӊы мүчө-мамлекеттер 6 пайыз өлчөмүндө мүчөлк акы төлөй баштайт.

Өкмөттүн сунушун колдогон депутаттар меморандумду дароо эле үч окууда добуш коюу жөнүндө чечимге келди.