Украина боюнча Минск келишимдерин аткаруудагы жылыштар жетишсиз, ошондуктан Орусияга каршы киргизилген санкцияларды узартуу зарыл.

Мындай пикирин Германия канцлери Ангела Меркель билдирди.

Анын бул көз карашын Франция президенти Франсуа Олланд да колдоду. Эки саясатчы 13-декабрда Берлиндеги эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин журналисттер алдына чыгып билдирүү жасашты.

Франция президенти Сирияда болуп жаткан окуялар үчүн, анын ичинде курчоодогу Алеппо шаарынын жай тургундарында дагы деле гуманитардык жардам алуу мүмкүнчүлүгү жок болуп жаткандыгы үчүн жоопкерчиликти Орусияга жүктөдү. Олланд Орусиясыз сириялык режим жок болмоктугун белгилеп, Алеппонун жашоочуларына болушунча тез арада жардам берүүгө чакырды.