Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн финансы министри Адылбек Касымалиевди кабыл алды.
Жолугушууда мамлекет башчысы быйылкы жылга карата республикалык бюджетти аткаруу маселелери, бюджет саясатынын ар кыл аспектилери, ошондой эле 2017-жылдын негизги финансы документин түзүү учурундагы негизги артыкчылыктар тууралуу маалымат алды.
Адылбек Касымалиев бюджеттин киреше бөлүгүн бекемдөө, мамлекеттик каражаттарды пайдалануунун ачык-айкындуулугун арттыруу боюнча көрүлүп жаткан чараларга токтолду.
Атамбаев финансы министрлигинин жетекчисине калкты социалдык жактан камсыздандыруу чөйрөсүндөгү милдеттерди чечүүгө байланыштуу маселелерге өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.
Мамлекет башчысы келерки жылга карата бюджет мамлекеттик казынанын кирешелери менен чыгымдарынын теңдештирилген планына негизделүүгө тийиш экендигин айтты жана мамлекеттин чыгымдарын тийиштүү деңгээлде камсыз кылуу зарылдыгын баса белгиледи.