Бүгүн ЖК жыйынында “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 3-окууда каралды.

Демилгечилер – Абылкаыр Узакбаев, Мирлан Бакиров, Төрөбай Зулпукаров, Кенжебек Бокоев.

Мыйзам долбоору боюнча агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин төрагасы Айтмамат Назаров баяндама жасады.

Мыйзам долбоору өлкөнүн баардык региондорунун калкын ичүүчү таза суу менен камсыздоо, суу тазалоочу курулманын жана канализация системасынын маселесин чечүү максатында иштелип чыккан.

Республикада ичүүчү таза суунун кыйла запасына карабастан, айрым адамдар таза суу алуу үчүн насостук станцияны кое албай келүүдө.

“Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” мыйзамга сугат жерлерин которууга (трансформациялоого) жайылтпоо бөлүгүндө толуктоо киргизилет, анда суу тазалоочу курулманын жана канализация системасынын курулуучу жерлерди которууга моратория жайылтпоо сунушталган.