АКШнын Федералдык резервдер системасы 2016-жылы биринчи жолу федералдык насыя каражаттары боюнча базалык ставканы 0,25-0,5 пайыздан 0,5-0,75 пайызга чейин жогорулатты.

Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирүүдө.

Чечим АКШдагы жумушсуздуктун азайганы жана инфляциянын жогорулаганы менен түшүндүрүлүүдө. Бул көптөгөн экономисттер менен базар катышуучуларынын божомолдору менен дал келди.

Резервдер системасы ошондой эле 2017-жылы базалык ставканын мурда күтүлгөндөй эки эмес, үч жолу жогорулатыла тургандыгын болжолдоду. АКШда базалык ставканын мурдагы деңгээли 2015-жылдын декабрынан бери сакталып келген. Анда ставка 2006-жылдан бери биринчи жолу жогорулатылган эле.

Айрым эксперттердин пикиринде, базалык пайыздык ставканын жогорулатылышы орто мөөнөттүү келечекте мунайга болгон бааларды төмөндөтүп, рублдин алсызданышына алып барышы мүмкүн. АКШнын Федералдык резервдер системасынын билдирүүсүнөн кийин Москва биржасындагы соодалоонун жүрүшүндө доллар 1,17 пайызга кымбаттады.