Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисянды кабыл алды.

Жолугушууда Евразиялык экономикалык комиссиянын азыркы ишмердигинин маселелери, бирикмеге мүчө өлкөлөрдүн өз ара экономикалык интеграциясын тереӊдетүүнүн актуалдуу маселелерин чечүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар  жана келечекте биргелешкен иштердин багыттары  талкууланды.

Атамбаев менен Тигран Саркисян интеграцияны тереӊдетүү боюнча, биринчи кезекте Евразиялык экономикалык биримдикке кирген айрым өлкөлөр ортосунда өз ара соода жүргүзүүдөгү тоскоолдуктарды алууга байланышкан иш чаралар комплексин жандантууну жактай тургандыктарын билдиришти.