Быйыл көчмөндөр оюндарына карата Ысык-Көл районундагы Бактуу-Долоноту айылында эӊ ири Атмайдан курулду.

Анын жанына «Газпром» компаниясы чоӊ спорт сарайын салып берди. Анда секундасына 20 литр суу чыгара турган артезиан кудугу казылган. Бирок, айылдын өзүндө ушул кезге чейин таза суу жок. Бул тууралуу КСДП фракциясынын депутаты Узарбек Жылкыбаев Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Бактуу-Долоноту айылына таза суу чыгарып беребиз дешкен, ал убада аткарыла элек. Аны ойлогон деле киши жок. Спорт сарайына көп болсо 1 литр суу кетет, калган 19 литр сууну айыл тургундарына берсе болбойбу? Өкмөт өз убадасына туруп, жергиликтүү калкты таза суу менен камсыз кылуу маселесин чечиши зарыл», — дейт эл өкүлү.