Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков салык кызматынын штаттык санын жана түзүмүн оптимизациялоо жөнүндөөкмөттүн токтомуна кол койду.

Документке ылайык, салык кызматынын борбордук аппаратынын кайталанма функциядагы 6 штаттык бирдигин жоюу максатында алар аймактык органдарга өткөрүлүп берилген.

Ошондой эле салык кызматына ири салык төлөөчүлөрдү тандоонун критерийлерине талдоо жүргүзүүсү, ири салык төлөөчүлөрдү аныктоонун критерийлери жана тартиби жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган сунушту өкмөттүк аппаратка киргизүүсү жана аймактык салык органдарынын кызматкерлерин ири салык төлөөчүлөргө салыктык контролду натыйжалуу жүргүзүү маселеси боюнча системалуу түрдө окутуусу тапшырылды.

 

Бөлүшүү