Ош шаарында Чернобылдагы саркофагдын жабылышы боюнча эскерүү жолугушуусу болду.

Ага Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, бөлүм башчылар, Чернобыль апаатынын катышуучулары, каза болгондордун үй-бүлөлөрү катышты.

Вице-мэр Чернобыль XX кылымдын апааты болгондугун айтып, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин атынан окуяда каза болгондордун туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайтып келгендерге бекем ден соолук каалоо менен бирге, алар ар дайым  мамлекеттин камкордугунда экендигин белгиледи.

“Мындан 30 жыл мурун Чернобылдагы атомдук жарылуунун кесепеттерин жоюуда чоң жумуш аткарылган. Совет элине Чернобыль АЭСинде 2- энергоблоктун үстү чүмбөттөлүп жабылды — деген маалымат берилген. Бирок канча адам курман болгонун, канча адам нур оорусунан майып болушканын эч ким билген эмес. Бул маалыматтарды ошол жерге барган сиздер дагы билген эмессиздер. Ошону менен бирге саркофагты даярдоо чон социалдык, экномикалык, өзгөчө саясий маселе болгон. Мына ушул жерде отурган биздин Ош шаардык мэриясы жыл сайын Чернобыль союзуна 350000 сом акча каражатып бөлүп берет бул албетте аз.  Апааттын 30-жылдыгына каратаРоссия Федерациясынын Чернобылчыларынын атынан бизге эстелик медалдары келген ушуларды тапшырып коюуга уруксат этиңиздер, ден соолугуңуздар бекем болсун,” — деди вице-мэр.

Жыйындын жүрүшүндө каза болгон тогуз апаатын катышуучуларынын үй-бүлөсүнө, ошондой эле, 15 катышуучуга медаль тапшырылды.

Айта кетсек, жалпысынан Ош шаары боюнча 104 адам Чернобыль апаатынын кесепеттерин жоюууга катышып, бүгүнкү күндө алардын 38 катышуучусу калган. Алар мамлекет тарабынан камкордукка алынып, баардык женилдиктер каралган.