Улуттук банктын жетекчилиги Исфара шаарынын жашоочуларынын сунушун кабыл алып, Эмомали Рахмондун сүрөтү түшүрүлгөн 1000 сомони номиналындагы акча чыгармай болду.

Президенттин бейнесин сомониге түшүрүү идеасы орто мектеп мугалими Хасанбой Асадовго таандык.

Асадов бир жыл мурун бул сунушун жаңы купюранын эскизи менен бирге Улуттук банкка жана президенттин администрациясына жөнөткөнүн билдирди. Ага ылайык, акчанын бир бетинде Эмомали Рахмондун сүрөтү, бир бетинде Тажикстан Жогорку Кеңешинин “тарыхый” 16 сессиясы өткөн Арбоб Сарайы түшүрүлөт. Бул сессияда Эмомали Рахмон президент болуп шайланган.

Буга чейин Улуттук банк жана президенттин администрациясы Асадовдун сунушуна ыраазычылык билдирген. Мугалим Тажикстандын эгемендүүлүгүнүн урматына 500 сомони номиналындагы алтындан чегилген тыйынды чыгарууну дагы демилгелеген. Бирок ал колдоо табабы же жокпу, азырынча белгисиз.

Эмомали Рахмон быйыл октябрда конституциялык мыйзамга киргизилген жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, эгемен Тажикстандын негиздөөчүсү деп табылган. Улут лидерине бардык жабдуулар менен камтылган атайын жай бөлүнүп берилип, өзүнүн фонду болот.

Бөлүшүү