Өзбек бийлиги кафе, ресторан жана коомдук жайларда кальян чегүүгө каршы ири пиар-компания баштады.

Мамлекеттик телеканалдар кальян чегүү өзбек улутунун баалуулуктарына жат келерин билдирген материалдарды көрсөтүшүүдө.

Анда жаман адаттын “кулуна” айланган жаштардын акыл-эсин жалаң кальян ээлеп алып жаткандыгы, буга байланыштуу ага тыюу салуу керектиги айтылууда. Ушундай эле чакырыктарды камтыган макалалар буга чейин барандуу гезит беттерине дагы чыккан болчу.

Азыркыга чейин эгер кардар 20 жаштан ашканын тастыктаган паспорт же башка документти көрсөтсө, өзбек кафе, ресторандарында кальянды чектөөсүз чексе болот. Бирок Саламаттыкты сактоо министрлиги 2016-жылдын мартынан тарта алкоголь менен чылымды мейманкана, кафе жана түнкү клуб сыяктуу коомдук жайларда колдонууга тыюу салган. Ушундай эле катаал чектөөлөр эми кальянды дагы күтүп турат.

Өзбек атакаминерлери Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун баяндамасына таянып, кальян чылымга караганда жүз эсе зыян экенин билдирүүдө. Себеби кальянды чегүү сааттарга созулган узак жараян экени айтылат. Натыйжада аны колдонгон киши көмүртек диоксидинин, мышьяк, никотин, хром, коргошундун белгилүү дозасын алат. Бул болсо ракты жана жүрөк-кан тамыр системаларындагы ооруларды пайда кылат.