Бул тууралуу «Бийликтин жана коомдук кеңештердин 2016-жылкы өз-ара аракеттешүүсүнө баа берүү» жыйынында премьер-министр Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Өкмөт башчы өз сөзүндө белгилегендей, коомдогу демократиялык принциптердин өнүгүүсү жарандардын мамлекеттик башкарууга катышуусуна карай укугун жана ролун кеңейтти.

«Активдүү жарандык сектор мамлекеттик институттарды чыңдоо ишинде, алардын ишинин ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун камсыздоодо өз ордун тапты. Мына ушулардын бардыгы бизге жакшы тажрыйбага ээ болууга мүмкүндүк берди. Азыркы учурда жарандык коомдун 300гө жакын өкүлдөрү 35 мамлекеттик органдын алдындагы коомдук кеңештердин мүчөлөрү болуп эсептелет», — деди Сооронбай Жээнбеков.

 

Соңунда Өкмөт башчы мындай иш-чаралар жарандык коомдун өкүлдөрү менен мамлекеттик органдардын биргелешип иштөөсүн кеңейтүүгө мүмкүндүк берерине ишеним билдирди.

«Биз үчүн бириктирүүчү башкы фактор катары заманбап мамлекеттин демократиялык принциптеринин бири болгон жарандардын мамлекеттик иштерди башкарууга катышуусун сактоосу жана ишке ашыруусу эсептелет. Биздин максат – демократиялык коомду курууда натыйжалуу өнөктөштүк түзүү», — деп жыйынтыктады Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Бөлүшүү