Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 2017 – 2025-жылдарга Кыргызстандын ирригациясын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын долбоорун талкуулоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу Суу чарба жана мелиорация департаментинин директору Көкүмбек Таштаналиев маалымдагандай, бүгүнкү күндө республика боюнча 44 ирригациялык объект бар.

Анын айтымында, аталган долбоорду ийгиликтүү ишке ашырууда кошумча түрдө 66 миң га жерди сугат суу менен камсыздап, иштетилип жаткан 44 миң га аянтты сугат суу менен камсыздалышын жакшыртууга мүмкүндүк түзүлөт.

Өлкө боюнча сугат тутуму начар эсептелген 87 миң га аянт бар, анын 50 миң га – өтө начар абалда. Мамлекеттик программа алкагында алгач дал ушул аймактарга басым жасалмакчы. Долбоордун жалпы наркы болжол менен 57 млрд сомду түзөт.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ирригациялык объектилердин керектүүлүк деңгээли боюнча 3 топко бөлүү зарылдыгын белгилеп, алардын экономикалык негиздемесин карап чыгууну тапшырды.

Ошондой эле Өкмөт башчы Мамлекеттик программаны ишке ашырууда долбоордун жогорку наркына байланыштуу грант жана жеңилдетилген кредиттер түрүндө инвестицияларды тартуу боюнча ишти күчтөндүрүүнү тапшырды.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине 2017-жылдын 1-февралына чейин Өкмөт Аппаратына келип түшкөн сын-пикирлерди эске алуу менен 2017 – 2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын Ирригациясын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын долбоорунун акыркы вариантын киргизүү тапшырылды.

Бөлүшүү