“Кыргызстан” фракциясынын бүгүнкү жыйынында «Бишкек шаарында 2016-жылдын 26-октябрында кол коюлган өкмөт менен эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы «Айылды суу менен камсыз кылууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү» долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо туралуу» мыйзам долбоорун карашты.

Аталган ратификациялык мыйзам долбоору боюнча архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаев түшүндүрмө берди.

Маалыматка ылайык, эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан Ош, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айылдарын суу менен камсыздоону жана аталган облустардын айылдарынын санитариясын туруктуу өнүктүрүүгө 23,5 млн. АКШ доллары өлчөмүндө каражат алат. Макулдашууга жараша Кыргызстан аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн бул сумманын 20% кошушу зарыл.

Жыйын жүрүшүндө депутаттар Алмазбек Токторов, Айтмамат Назаров, Дастан Жумабеков, Таалайбек Масабиров макулдашуу боюнча бир катар суроолорун беришти. Бөрүбаев долбоор “АРИС” программасы тарабынан жүзөгө ашырыларын, долбоор мындан ары дагы республиканын башка облустарында улантыла тургандыгын жооптоду.

Бир катар талкуудан кийин аталган макулдашуунун актуалдуулугу белгиленип, фракция депутаттары колдоого алышты.