Сейсмология Институтунун берген маалыматына ылайык, 15-декабрда саат 23:06 чамасында Кыргызстан менен Кытайдын чек арасынын аймагында очогунда 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Ош облусунун Алай районундагы Нура айылында 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок.