Жасалма билеттердин айынан ондогон тажик мигранттар Санкт-Петербург аэропортунан учуп кете албай калышты.
Санкт-Петербург – Дүйшөмбү каттамы менен учууга камынган Зиёвуддин Неьматовду 12-декабрь күнү кечинде билетинин жасалма экенин айтып, учакка киргизишкен эмес. Ал билдиргендей, өзүнө окшоп алданып калган жүргүнчүлөрдүн саны 260ка жакын. Мигранттар авиабилетти “СомонТрейд” фирмасынан алышкан. Бир ай мурун төлөм жүргүзгөндөр үчүн билеттин баасы 16 миң 500 рублга турган.
«Айрымдары билетти кымбатыраак – 17-18 миң рублга сатып алышкан. Баары тең эмне кылышты, кайда барышты билбей, баштары маң. Баарыбызды күтүү залынан чыгарып салышты. Эң эле өкүнүчтүүсү учуу күнү көптөгөн мигранттардын катталуу мөөнөтү бүткөн. Эми Орусия аймагында мыйзамсыз жүргөндүгү үчүн аларга айып пул салынышы ыктымал»,-деди Зиёвуддин Неьматов.
Бул арада Тажикстан бийлиги “СомонТрейддин” авиакомпаниялар менен келишими бар экенин жана билеттерди мыйзамдуу негизде сатып келгенин билдирүүдө. 260 жасалма билетти компаниянын бир кызматкери сатып жиберген. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголду.
Жасалма билеттерди саткан Элмурод Тагоев аттуу киши 2 млн.200 миң рубль пайда тапкан. Жабырлануучулар билеттин акчасын гана эмес, келтирилген ыңгайсыздык үчүн компенсация талап кылуу укугуна ээ.