Ала-Бука районунда жоголгон үч кыргызстандык тумандан улам Өзбекстандын аймагына өтүп кетишип, коңшу өлкөнүн чек арачылары тарабынан кармалышкан.
Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Мекеменин маалыматы боюнча учурда кыргызстандыктар Чуст РИИБсинде кармалып турушат, ден соолуктары канааттандыраарлык. Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арачыларынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө өзбек тарап кармалган жарандарды жакынкы убактарда өткөрүп берүүнү убадалаган.
Маалымдалгандай, 14-декабрда Ала-Бука РИИБсинин кызматкерлери дайынсыз жоголгон үч жаранды издөөгө көмөктөшүү өтүнүчү менен чек арачыларга кайрылышкан. Кыргыз чек арачылары өзбек кесиптештеринен жардам сурашкан. Жыйынтыгында 11-декабрда жоголгон жарандар чек араны мыйзамсыз кесип өткөндүгү үчүн кармалгандыктары белгилүү болгон.