Бишкектеги «Ош базардын» тегерегинде өлгөн малдын эти сатылып жатат.

Мындай маалыматты журналисттик иликтөө жүргүзгөн КТРКнын кабарчысы Эльнура Молдокадырова басма сөз жыйынында билдирди.

Анын айтымында, ага базарда иштеген адамдар өлгөн малдын эти сатылып жатат деп кайрылышкан. Журналисттик иликтөө жүргүзгүзүшкөн, бирок мамлекеттик кызматкерлерден эч кандай аракеттер жасалган жок.

Журналист билдиргендей, санитардык-эпидемиологиялык кызматы маалыматты чыгарбаш үчүн акча сунушташкан.

Мындан тышкары, алар президент, ички иштер министрлигине бул ишке бөгөт коюу керек экенин айтып кайрылышты.