Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн мамлекеттик визит менен Индия Республикасына учуп келди.

Визит маалында Мамлекет башчысы Индия Президенти Пранаб Кумар Мукержи, Индия Вице-президенти Мохаммад Хамид Ансари, Индия Премьер-министри Нарендра Моди менен жолугат жана  кыргыз-индия бизнес форумга катышат.

Визит алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландаштырылган.