Кызматкерлеринин беш күнгө созулган иш таштоосунан кийин Парижде Эйфел мунарасы кайрадан ишин баштап, адамдардын эркин кирүүсү үчүн ачылды.

Эйфел мунарасынын иштешин камсыз кылган кызматкерлердин нааразылык акциясы 13-декабрда башталган. Алар эмгек шарттарынын жакшыртылышын жана мунарага кетчү чыгымдардын бюджетин көбөйтүүнү талап кылышкан.

Эйфел мунарасы — Франция борборунун символу жана дүйнөдөгү эң популярдуу туристтик объектилердин бири. Рождество майрамдары маалында ага 20 миңге жакын адам барат.