Казакстанда бир суткадан кийин Youtube, Instagram, Google, Вконтакте жана Facebook сыяктуу популярдуу интернет-ресурстар иштеп баштады.

16-декабрь күнү кечинде аталган сервистерге компьютер жана мобилдик жабдуулар аркылуу кирүү мүмкүн болбой калган. Мүчүлүштүктөр өлкөнүн ар кыл аймактарында байкалган.

Казакстанда маал-маалы менен айрым сайттарга жана социалдык медиага кирүүдө маселелер жаралып турат. Өлкөдөгү жалгыз улуттук телекоммуникациялык провайдер мындай үзгүлтүккө учуроону техникалык себептер менен байланыштырган.

16-декабрда Казакстанда көз карандысыздык күнү майрамдалган жана Жаңы-Өзөн кыргынынын беш жылдыгы белгиленген.