ЖКнын бюджет жана финансы боюнча комитети Бишкек шаарында 26-октябрда кол коюлган өкмөт менен эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Айылдарды туруктуу таза суу менен жабдуу жана санитарияны жакшыртуу” долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

Элет жергесин суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу тармагын өнүктүрүү артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. Ошондон улам, 2026-жылга чейинки стратегия кабыл алынган. Ага ылайык, 425 айылында 8 млрд 882 млн сомдук суу түтүктөрүн, ошондой эле 27 райондук борбордо 4 млрд 48 млн сомдук саркынды сууларды чыгаруу тутумдарын түзүү иштери аткарылууга тииш.

Долбоордун жалпы көлөмү 28 млн долларды түзөт, анын ичинен: Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы – 23,5 млн доллар (насыя — 12,92 млн доллар, грант 10,58 млн доллар); КР Өкмөтүнүн кошо каржылоосу – 4,5 млн доллар. Насыя 38 жылга, анын ичинде 0,75 коюму менен 6 жылга жеңилдетилген мезгилге берилет. Долбоор Ош, Чүй, Ысык-Көл облустарынын тандалган айылдарындагы иш чараларды ишке ашырууга багытталат.