ЖКнын бюджет жана финансы боюнча комитети Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы “КРдин ичүүчү суу менен жабдуу жана катуу калдыктар долбоорунун насыялык макулдашуу” долбоорунун концепциясын жактырды.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин берген маалыматына караганда, келишим шарттарына ылайык, Европа инвестициялык банкы өлкө аймагындагы калктуу конуштарды таза суу менен камсыз кылуу, таштандылардан арылтуу багытында 20 млн евро өлчөмүндө каражат бөлөт. Жеӊилдетилген насыя 25 жылдык мөөнөткө берилүүдө. Анын алгачкы 8 жылы жеӊилдетилген мөөнөт болуп саналат.