Чеченстандын лидери Рамзан Кадыров Инстаграм социалдык түйүнүндөгү баракчасында жазгандай, ишембиден жекшембиге караган түнкү атышуулар учурунда алгач полиция төрт согушкерди жок кылган.

Андан кийин 18-декабрда да коопсуздук күчтөрү башка куралчан топтун изине түшүп, жетөөсүн жок кылууга жетишти.Мындан сырткары төртөөсү туткундалып, алардын үчөөсү ооруканага жаткырылды. Ал эми Чеченстандын күчтөрү тараптан атышууларда бир полицей жаракат алды.

Рамзан Кадыров ошондой эле массалык маалымат каражаттарынын атышуулар Грозный шаарынын ичинде болгон деген кабарларын төгүнгө чыгарды.Чечен лидеринин ырастоосунда, атышуулар шаардын чет жакасында орун алган.

Бирок, интернеттеги YouTube сайтына 17- декабарда кечинде коюлган видеотасмада полиция Грозныйдын буулган автомагистралында автоматтан ок ачып жатканы тартылган.

Москванын кеңири каржылык колдоосу аркасында Рамзан Кадыров эки жикчил согушту баштан кечирген Чеченстанды негизинен турукташтырууга, Грозныйды заманбап кылып кайра курууга жетишти.

Бирок, анын кол алдындагы коопсуздук күчтөрү адам укуктарын айоосуз бузганы үчүн да сындалып келет.