Кечээ Бишкек-Ош унаа жолунун 80-146-128-130-чакырымдарында кар жаап, жол тайгак болгондуктан унаалардын жүрүшүнө кыйынчылыктар жаралган.

ӨКМ билдиргендей, кум себүү, тазалоо иш-чаралары жүрүп жаткандыгына байланыштуу жол тыгыны пайда болуп, унаалар токтоп калуу коркунучу жаралган.

Мындан улам Бишкек-Ош унаа жолунун “Сосновка” постунда оор жүк ташуучу унааларга 18-декабрь күнү саат 09:10до чектөө киргизилип, саат 11:30да алынган. Кайра саат 16:50дө оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилип, 19-декабрь күнү саат 06:30да чектөө алынды.