Экөөнүн тең саламаттыгы жакшы.

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча, үчүнчү жаран да жакынкы күндөрдө кайтарыларын өзбек тарап билдирүүдө. Бул үчүн анын тек-жайын тастыктаган документтери талап кылынууда.

11-декабрда автоунаада бара жаткан үч кыргызстандык жаранды Өзбекстандын чек арачылары кармашкан. Алар тумандан улам жолдон адашып кетишкенин маалымдашкан. Ошондон бери кармалган кыргызстандыктар Өзбекстандын Наманган облусундагы Чуст райондук ИИБда кармалып турушкан.

Кыргызстандык жарандардын кармалганына байланыштуу Мамлекеттик чек ара кызматы өзбек тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.