Президент Алмазбек Атамбаев   Орусиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карловдун куралдуу кол салуудан улам курман болгондугуна байланыштуу президент Владимир Путинге көӊүл айтты.

«Элчини кыянаттык жана зөөкүрдүк менен куралдуу кол салуудан улам курман болгондугу тууралу кабарды кабыргам кайышуу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасы мамлекеттин расмий өкүлүнө карата жасалган бул террордук актыны чечкиндүү айыптайт.  Бул кылмыштын тез арада иликтенип жана күнөөкөрлөрдүн жазаланашы зарыл деп эсептейм. Кыргызстан элинин жана жеке өз атыман Карловдун үй-бүлөсүнө жана бүт Орусия элине көӊүл айтуумду жана колдоо сөздөрүмдү жеткирүүӊүздү өтүнөм», — деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.