Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн Ысык-Көл облусуна жумушчу сапарынын алкагында Тоң районунун айыл чарба тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты.

Премьер-министр Тоң райондук айыл өкмөтүнүн күч-аракети аркылуу ишке ашырылып жаткан айыл чарба техникасы түрүндө инвестиция тартуу боюнча долбоорлор менен тааныштырылды. Сооронбай Жээнбеков мында аталган инвестициялык долбоорлордун алкагында алынган айыл чарба техникасын көрүп чыкты.

Сооронбай Жээнбеков Тоң райондук айыл өкмөтүнүн иш тажрыйбасына оңдуу баасын берип, инвестиция тартуунун мындай ыкмасын жалпы республика боюнча жайылтуу зарылдыгын белгиледи.

Жергиликтүү тургундар менен жолугушууда сугат суу маселесин чечүү өтүнүчү айтылды. Бул маселени чечүүдө тургундар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Үч-Коргон суу сактагычын куруу мүмкүндүгүн кароону сунуштады. Долбоорго ылайык, анын аянты – 70 га, ал эми сыйымдуулугу 7,8 кубометрди түзөт. Болжолдонгондой, аталган суу сактагыч курулуп, ишке берилсе, төрт айыл аймагы сугат суу менен камсыздалып, кошумча 817 га жер аянты өздөштүрүлмөкчү.

Сооронбай Жээнбеков Тоң районунун Ак-Өлөң айылындагы балык чарбасына барды, анда фермерлер ишкердүүлүктү кеңейтүү максатында жерди трансформациялоо маселесин чечүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылышты.

Премьер-министр жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн өтүнүчтөрү жана кайрылуулары Өкмөттүн колдоосуна ээ болоорун билдирип, бүгүнкү күндө айыл чарба долбоорлорун насыялоонун пайыздык үстөктөрүн кыскартуу боюнча иш жүргүзүлүп жаткандыгын белгиледи. Ал Өкмөт жергиликтүү бийлик органдарын ишкердик үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө милдеттендирип  жаткандыгына басым жасады.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү