Өзбекстан президенти премьер-министр Абдулла Арипов башында турган комиссияга 2017-жылы “эл менен диалог” курууга багытталган мамлекеттик программаны иштеп чыгууну тапшырды.

Комиссия “элдик кабылдамаларды” ачуу менен алектенип, аким жана прокурорлордун эл алдында отчет берүүсүн камсыздап, пенсияларды көтөрүү жана мамлекеттик органдарды кыскартуу маселелери менен алектенет.

Өзбекстанда “бирдиктүү терезе” принцибинин негизинде коомдук кабылдамаларды ачуу пландалган. Анын алкагында түзүлгөн мамлекеттик мекеменин ишмердүүлүгү “электрондук өкмөт” аркылуу көзөмөлдөнүп турат.

Мындан тышкары сот системасы жана прокуратура органдарынын үстүнөн коомдук көзөмөлдү күчөтүү жана алардын ишин жакшыртуу максатында адвокатура институтунун ролун жогорулатып, укуктарын кеңейтүү жагы каралууда.

Сентябрда Шавкат Мирзиёевдин демилгеси менен түзүлгөн виртуалдуу кабылдамаларга 270 миңден ашуун кайрылуу келип түштү. Муну өнүктүрүү үчүн өлкө башчы жер-жерлерде коомдук кабылдамаларды ачуу зарылдыгын билдирди. Премьер-министр Абдулла Арипов жетектеген комиссия бир ай аралыгында бул кабылдамаларды түзүп, анын иштөө механизмдерин тактап чыгат.