ЖКда “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун талкуулоого арналган парламенттик угуу өтүп жатат.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси – ЖКнын депутаттары Кожобек Рыспаев, Искендер Матраимов, Таабалды Тиллаев, Жыргалбек Турускулов.
Парламенттик угууга Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдар менен мекемелердин, жарандык коомдун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, чыгармачыл уюмдар менен эксперттер чакырылган.
Демилгечилердин бири депутат Кожобек Рыспаевдин айтымында, мыйзам долбоору массалык маалымат каражаттарынын ишин укуктук жөнгө салуу жаатындагы укуктук мүчүлүштүктөрдү жоюуга багытталган. Мыйзамга өлкөнүн маалыматтык мейкиндигинин коопсуздугун жөнгө салуучу абдан зарыл ченемдер, сөз жана маалыматты таратуу эркиндиги жаатындагы эл аралык укуктун жалпыга таанылган ченемдери киргизилген эмес. Мисалы, ММК жөнүндө мыйзамда чет өлкөлүк уюштуруучулар үчүн чектөөлөр белгиленген эмес, ар кандай башка мамлекет мамлекеттин эгемендигин жана коопсуздугун коргоо зарылдыгынан улам келип чыккан жок дегенде минималдуу шарттарды жана чектөөлөрдү белгилейт.
Депутат Кожобек Рыспаев өз баяндамасында бүгүнкү сунушталып жаткан долбоор бир гана телеканалдарга багытталып жаткандыгын баса белгиледи.
Учурда жыйынга чакырылган медиа айдыңындагы эксперттер менен декмилгечилер ортосунда суроо-жооп жүрүмү уланууда.